Жалал-Абадда жоголгон бир туугандар кичүүсүнүн сүйлөшкөн кызына жолугуу үчүн Сары-Челекке бара жатышкан

Жалал-Абад облусунда унаасы менен жолго чыгып дайынсыз болгон ага-инилер үй-бүлөдө эки гана бир тууган болушкан. Бул тууралуу ага-ининин аталаш байкеси Канат Кудайкулов билдирди.

Аталаш тууганынын айтымында, ага-ининин Сары-Челекке баруу үчүн жолго чыгышканын алардын достору аркылуу билишкен.

"Бир туугандардын кичүүсү Сары-Челектеги сүйлөшкөн кызына бармак экен. Алар бул үчүн досторунан акча сурашыптыр. Ата-энесине болсо концертке барабыз деп үйдөн кечинде чыгып кетишкен экен. Унааны кичүүсү айдап бара жаткан окшойт. Себеби ал табылганда сынып кеткен мурунуна рулдун изи түшүп калыптыр. Анын денеси кечээ жерге берилди. Ал быйыл Ош шаарындагы медициналык окуу жайдын 4-курсун аяктаган.

Мен ошол күнү саат 21:00 чамасында алар менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө концертте жүрөбүз деп айтышкан. Унаа болсо уулусунуку болчу. Ал окууну аяктап, жумушка киргени жаткан. Издөө иштери улантылып жатат. Баарыбыз изделип жаткан иним аман-эсен табылса деп тилек кылуудабыз", - деди ага-ининин аталаш тууганы.

Эске салсак, Жалал-Абад облусунда эки тургун Матиз үлгүсүндөгү унааны айдап, үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы айтылган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nurii
2018-07-04 18:12:18
Чычкан суусуна тушуп аман калган кичинекей баланын туугандары табылдыбы? Шилтеме берип коюнуздарчы
+3
Эльвира Караева
2018-07-04 18:43:45
nurii, Чычкан суусуна түшүп кеткен унаадан аман калган баланын жакындары табылды http://www.super.kg/kabar/news/236613/
-1
senchi
2018-07-04 18:24:37
Аман эсен табылып калсын
+2
Nurzada_0111
2018-07-05 10:17:00
Aman esen tabylyp kalsa eken
+1
Nuri1988Elim2010
2018-07-05 22:49:08
Аман эсен табылып калсын ылайым
0
AzKumFerDan
2018-07-10 16:23:41
Алтын башы аман болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан