Жалал-Абад облусунда 31 жаштагы аял 5 жашар кызы менен эс алууга кеткен боюнча дайынсыз болууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 18-июль күнү саат 12:00 чамасында Сузак районунун Кара-Алма айылынын эс алуучу жайында 1987-жылы туулган Ж. кызы А. жана анын 2013-жылы туулган кызы Х.А.ны туугандары эс алып жүргөн жеринен таппай калышкан. Өз алдынча издөөдө натыйжа болбогондуктан кечинде ӨКМнын атайын кызматына кайрылышкан. Издөө иштерине саат 20:40 чамасында ӨКМнын №58 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, учурда туугандары кошулуп, издөө иштерин жүргүзүп жатышат.