Орусияда жол кырсыгына кабылган үч кыргыз жигитинин биринин сөөгү бүгүн мекенине жөнөтүлөт

Орусияда унаа кырсыгынан мерт кеткен кыргыз жигиттеринин биринин сөөгү бүгүн, 19-июлда мекенине алынып келет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.

"Каза болгон жигиттердин бири Кыргыз жараны болсо, экөөсү Орусиянын жарандыгын алышкан. Бүгүн, 19-июлда Жалал-Абад облусунун тургунунун документтери толукталып, сөөгү мекенине жөнөтүлөт. Ал эми Ош облусунун эки тургуну Орусиянын жарандыгын алышкандыгына байланыштуу, ошондой эле туугандары кечирээк табылгандыктан алардын сөөгүн жөнөтүү бир аз кармалып жатат. Документтерин чогултуп жатабыз. Эгер жетишип калсак, кечинде Кыргыз жерине жөнөтөбүз", - деди Улан Кошматов.

Эске салсак, кечээ, 18-июлда Орусиянын Москва шаарындагы Ташкент көчөсүндө жол кырсыгы катталып, 3 Кыргыз жараны каза болгондугу кабарланган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
haydarkan
2018-07-19 13:03:20
Бейишинен бере кор кудайым
+10
Japarali
2018-07-19 22:08:31
Жакындарына сабыр берсин.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан