Экспертизанын болжолдуу жыйынтыгы: Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн себеби сууга чөгүү болушу мүмкүн

Журналист Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнүн себеби экспертизанын алдын ала жыйынтыгына ылайык сууга чөгүү деп болжолдонууда. Мындай маалыматты Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун директорунун орун басары Эрнис Акунов SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымына караганда, экспертизанын анализдери бир айдан кийин чыгат, азырынча болжолдуу маалыматтар гана айтылууда.

"Маркумдун денесинде жаракаттын белгилери жок болгон үчүн биз анын өлүмүн сууга чөгүү деп болжолдоп жатабыз. Бирок азырынча бир нерсе деп айтуу эрте, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы бир айдын ичинде чыгат. Ошондон кийин бардыгы белгилүү болот”, - деди Акунов.

Эске салсак, 22-июлда белгилүү журналист Уланбек Эгизбаев көлгө чөгүп каза болгон. Белгилей кетүүчү жагдай, Уланбек Эгизбаев бир нече күн мурда социалдык тармактагы баракчасына белгисиз адамдардан анын атына 2 бош конверт келгенин жазган. Буга байланыштуу ал билдирүүнү улай бош конверттер ууландырылган болушу ыктымал же эскертүү, коркутуу иретинде жөнөтүлгөн болушу мүмкүн деген комментарийлер жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
samsungc3
2018-07-23 14:23:06
Ошонччо кундон бери чокпой,уйуно кайтар куну чогот беле.Элди акмак кылып буттунорго жегичтер.Чоктордунорда озунор эле.
+21
Dembele84
2018-07-23 14:32:05
Ошол Чыныбайдын Акун пансионаты экен,Чыныбай болушунча аракет кылып ишти жапканга аракет кылат эми. ХХХХХХ ХХХХХХ Ошол уч куткаруучуну жакшы сураштырсанар нары же бери болот.
+16
jalguzum
2018-07-23 14:46:22
Dembele84,Чыныбай Акун сразу айыпты Эгизбаевге койдуго. Бизде олгондор өзү айыптуу болуп кете берет! Чындык ачылбайт! Бул заказной болгон суунун астынан тартып тумчуктурушуп коюп кетише берген
+16
Dalil
2018-07-23 14:33:33
Бутунан кармап эле суунун ичине тартып кетсе каяктан жаракаттын изи болот эле? Андан көрө иликтөө жүргүзбөйбү? ИИМ өзү эки түрдүү маалымат берип жатат. Биринчисинде ооруканага жетип өлдү десе экинчисинде суунун бетине калкып чыгып калган деп. Чөгүп өлгөнгө караганда буйрутма өлүмгө көбүрөөк окшошуп жатат.
+16
Alixan-Nookat.2015
2018-07-23 16:49:25
Dalil,Менда ошентип ойлоп жатам суунун түбүнөн келип бутунан тартып тумчуктуруп койдуго деп жатам Жанар Акаевда айткан эле Улан Эгизбаевге чалып коркутуулар болуп жатканын парламентте Ички иштер министрине айткан болчу
+7
Jyldyz16
2018-07-23 14:39:51
Бир канча пландарынын ичинде сууга чоктуруп олтурууда болгонда. Улан качан колго барат, качан сууга жалгыз тушот...баары буйрутмадай эле ой калтырып жатат...ото окунучтуу
+12
Nuri1988Elim2010
2018-07-23 14:51:14
Эх,орду толгус окунуч.Жакындарына сабыр.
Ар жанылык-та чыгара бербей аныктап анан чыгарсаныздарго.Себеби жакындары окуган сайын кандай абалга тушушот.Эн кыйыны бир тууган ата энесине.
Бул жон гана кырсык эмес.Бул атайын гана уюшулганго.Элдин козу жетип турсада.Биздин жегич чондор Ишти жаап коюушат
+12
Kirajsjk
2018-07-23 16:18:00
Dagy emne degen shiltoolordu taap chigat boldunar eken.Bul iwti jabiw uchun.Fuba kilgila tuuhandar en jakin arada Allah buitutma bergendin jazaasin bersin.
+3
Begaiko
2018-07-23 16:27:30
Экспертиза "сууга чөгүптүр" деген эле жыйынтыкты айтат да. Азыр ошентип чыгарсанар деле тан калбайбыз
+3
Pamirlan
2018-07-23 16:31:50
иий кандай гана өкүнүчтүү, экспертизасына ишенич жок
+4
bond02
2018-07-23 16:38:24
Козун менен коруп, кармап албагандан кийин эмнеге бироолорду божомолдоп шыбап жатасынар комментчилер, алардын куноосун которуп.
-6
Azat.97
2018-07-23 16:38:55
Каниет деген досу моргго кирип чыктым бутунда тактар бар экен деп журот.Сууга чокту кылышат баары бир.Биз ишенбейбиз киши колдуу болду точно.Олтургон адам кыргыз элинин убалы уктатпасын
+5
Sanirabiga11
2018-07-23 16:41:21
Каниет Жыргалбеков инстграмда жазып чыктыго, экспертизага озум кирдим, бутунда тактары бар экен деп,,,, уялбай акчаны алып оозунар жавылдыда, тешип чыксын жеген оокатынар, Улан Эгизбаев эч кимим эмес, бирок аябай боорум ооруп атат, ата-энеси, кошбойлуу аялы кантти экен деп, кан тынч уктатпайт, бул дуйнодо болбосо тиги дуйнодо жооп бересинер, чоктургон колунар сынсын, Улан жаткан жерин жайлуу болсун, дуадабыз ((((((
+8
Hatali
2018-07-23 19:58:03
Кудай жазанарды берсин .Мин какшасак да кайтып келбейт эми .Байкушум баласын да корбой кетиптир.Торо элек наристенин убалы уктатпасын .
+4
urmat94
2018-07-24 01:03:37
Бош конверттерди ким жибергенин да тапкыла ошолор кылган
+1
Nestana95
2018-07-24 03:52:02
Бир айдын ичинде дагы сценарий тузгуло,силерге торолгон бала да ишенбей калган чекке келдинер.. Аллахым жазасын толук берсин акчага малынган айбандар!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан