Москвада Кыргыз жараны жыныстык органына операция жасатып жаткан учурда каза болду

Орусиянын Москва шаарында Кыргыз жараны жыныстык органына операция жасатып жаткан учурда каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 23-июлда полиция кызматкерлерине шаардагы "Асклепий" клиникасында аялдын каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Полиция кызматкерлери айтылган дарекке барып, каза болгон аял 39 жаштагы Кыргыз жараны экенин аныкташкан. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, каза болгон аялга клиниканын 66 жаштагы кызматкери лидокаин дарысын сайган.

Тергөө органдары коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөткөндүгү үчүн клиникага кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле маркумга соттук-медициналык экспертиза дайындалганы жазылат маалыматта.

Орусиядагы Кыргыз элчилигинин маалымат катчысы Гулбарчын Байымбетовага окуя боюнча кайрылганыбызда, "учурда окуя такталып жатат, кийинчерээк кеңири маалымат берилет", - деп билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
tima01
2018-07-24 19:00:05
Без комментарий
+1
Aznazalai
2018-07-24 19:58:08
Астагфирулла.Лидокаинден реакция журуп кеткен беим
+7
bond02
2018-07-24 20:01:40
Куйоосу бар аял бекен?
-11
Pandora
2018-07-24 20:44:19
Кандай операция?
-5
Dembele84
2018-07-24 22:02:32
Именно кандай операция жасатайын деген экен интересно.
+5
JaneEr
2018-07-24 22:35:24
Пластикалык операция болсо керек.
-3
Pandora
2018-07-24 22:54:34
JaneEr,Ошонун кайсыл туру? Жыныс кынын кичирейтип жатканбы же алмаштырыппы? Же болбосо кандайдыр бир оорудан арылуу учун жасатып (киста)жатканбы?
+5
JaneEr
2018-07-26 10:05:59
Pandora,кичирейткен туру.Орустар мазактап
жазышыптыр жанылыктарда Киргиз Таун деп.
Бардыгы кыргыз врачтар экен
0
ainur78007
2018-07-25 00:02:10
Жаткан жери жайлуу болсун.дароо эле ойунар жаман жака кеткенби.Аялдарда оорунун туру эле коп,тытынып иштеп,ден соолукка да жетиштуу конул бурбай,миома,эрозия отушуп кетсе ракка айланып кетиши мумкун.Биринчи ден соолукка карагылачы аял зат,оорусанар эчкимге керегинер жок болуп калат.
+18
Aierke0606
2018-07-25 00:20:26
Жаткан жери жайлуу болсун!
+7
jumaev0084
2018-07-25 03:53:24
Сайттарда имтинный пластик деп журотго
-7
kyzburak87
2018-07-25 08:23:47
jumaev0084, интимныйга биздин аялдар жасатышпай калды го ооруп отушуп кеткенде зорго корунобуз
+6
Bazana
2018-07-25 09:48:07
Жазгул , деген аял экен эле интимдик пластика жасатып аткан экен эле половые губасын кичирейтип , бирок лидокаин сайган учурунда каза боуптур орустардын сайтында толук журот , кыргыздардын клиникасы болгон .
0
Pchelka85
2018-07-25 10:36:01
Кызыксынар. Какая разница эмне операция.. окунучтуусу каза болгону эмеспи??!!
+7
KG-BALA94
2018-07-25 14:05:59
Тиктиртейин дегенго
0
kirgizstan
2018-07-25 20:15:03
KG-BALA94,39 жаштагы аял тиктирет беле
+1
Pandora
2018-07-25 15:56:20
Интимный пластикти акчасы кобойуп,ашып ташып кылаарга иш таппай,акчаны корооторго жол таппай калгпандар эле жасатпаса,башкасн билбеймин ооруп жатсада бул туруп турсун мынаа тириликти бутуруп алайын дейт биздин аялдар
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан