Бишкектеги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университетин негиздеген Нургалы Асаналиев кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов кабарлады. Анын айтымында, Асаналиев бүгүн, 26-июль күнү Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, Бишкектеги Октябрь РИИБине алынып келди.
"Ал адам индиялык студенттердин жазган арызынын негизинде Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, РИИБге алынып келди. Учурда суралып жатат", - деди Оморов.
Белгилей кетсек, Индиядан келип окуп жаткан студенттер Бишкекте маалымат жыйын өткөрүшкөн. Анда студенттер Асаналиев 50гө жакынынан контракт үчүн акча алып, бирок окууну аяктоого мүмкүнчүлүк бербей жатканын айтып чыгышкан.