Бишкек шаарынын мэрлигине талапкер көрсөтүүнүн мөөнөтү аягына чыкты. БШКнын маалыматына ылайык, талапкерлердин документтерди тапшыруу мөөнөтү бүгүн, 18:00дө аяктады. 26-июлда Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция Азиз Суракматовду мэрликке талапкер кылып көрсөткөн. Шаардык кеңештеги оппозициялык фракция "Республика-Ата Журт", өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев талапкер сунуштабай турганын билдирген.
Мыйзамга ылайык, Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкерди сунуштоо укугу шаардык кеңештеги фракцияларда, коалицияларда жана премьер-министрде бар.
Эске салсак, 13-июлда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алган. 19-июлда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ибраимовду кызматтан кетирүү токтомуна кол койгон.
Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Ибраимов УКМК тарабынан кармалган.
Борбордук шайлоо комиссиясы мэрди шайлоону 8-августка белгилеген.
Суракматовдун өмүр баяны
Азиз Суракматов 1971-жылы 22-ноябрда Бишкек шаарында туулган. Ал 1994-жылы Кыргыз архитектуралык курулуш институтун инженер-куруучу адистиги боюнча бүтүргөн.
1996-жылы Кыргыз улуттук университетинен юрист адистиги боюнча билим алган.
1994-1995-жылдары - “Шоола” ишканасынын өндүрүш мастери;
1995-1996-жылдары - “Кыргызпотребсоюз” Бишкек ПМКсында өндүрүш мастери;
1996-1999-жылдары - Бишкек башкы архитектурасында инженер;
1999-2000-жылдары - “Консалтингдик-эксперттик фирма” ЖЧКсынын директору;
2000-2002-жылдары - Бишкек шаарынын мэриясында башкы адис;
2002-2008-жылдары - Бишкек башкы архитектурасында башкы архитектордун орун басары;
2008-жылдын ичинде - Бишкек шаары боюнча Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы;
2008-2010-жылдары - Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы;
2010-жылы - “Ата Журт” саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.