ЖЫЛНААМА, 4-АВГУСТ: Мурдагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыров арабызда болгондо 39 жашка толмок

Жол кырсыгынан каза болгон вице-премьер-министр Темир Жумакадыров көзү тирүү болгондо бүгүн, 4-августта 39 жашка чыкмак. Ал 1979-жылдын 4-августунда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. 1996-жылы Чолпон-Ата шаарындагы Киров орто мектебин аяктаган.

2001-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун эл аралык мамилелер факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Орус, кыргыз, испан тилдерин билген.
Жубайы Нора Сүйүналиева менен

2001-2006-жылдары — БУУда улуттук ыктыярчы, Нарын облусу боюнча Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын координатору;

2006-2007-жылдары — Европа биримдигинин TACIS долбоорунун стратегиялык пландоо боюнча консультанты;

2008-2009-жылдары — Азия өнүгүү банкынын долбоорунун тренингдер боюнча менеджери;

2009-2010-жылдары — президенттин катчылыгынын эксперттик-аналитикалык камсыздоо бөлүмүнүн адиси;

2009-2012-жылдары — Жусуп Баласагын атындагы КУУнун эл аралык байланыш жана инвестиция департаментинин жетекчиси;

2013-жылдын 15-августунан тарта Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеңешинин катчылыгынын орун басары;

2015-жылдын 21-февралынан тарта Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин төрагасы;

2017-жылдын август айынан тарта вице-премьер-министр;

2017-жылы 7-октябрда жол кырсыгынан каза болгон.
Маркумду акыркы сапарга узатуу

Ал мамлекеттик кызматтын III класстагы кеңешчиси болгон. Маркумдун артында жубайы жана 3 кызы калган.

4-августка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан