Бишкекте 19 жаштагы кыз зордуктоого аракет кылган адамдан качам деп мейманкананын терезесинен секирип кетти. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 8-августта Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов кабарлады. Анын айтымында, окуя 3-август күнү шаардагы мейманканалардын биринде болгон.
"19 жаштагы кыз 3-август күнү милицияга арыз менен кайрылган. Жазган арызында У.Э. аттуу адам менен кафелердин биринде таанышып, андан кийин мейманканага барышканын, зордуктоого аракет кылганда терезеден секирип кеткенин жазган. 2 же 3-кабаттан секиргенин так айта албайм. Айтор, жаракат алып ооруканага жатып калган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, материалдар жыйналып жатат", - деди Оморов.
Айрым маалымат каражаттары кызды зордуктоого аракет кылган адам панкратион боюнча Евразиянын 2 жолку чемпиону Улан Эралиев экенин жазышууда.