Акыйкатчы институту акыйкатчы кызматына талапкер сунуштады

Акыйкатчы институту акыйкатчы кызматына Урмат Аралбаевдин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 28-августта SUPER.KG порталына аталган институттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сунушту Жогорку Кеңешке жөнөтүшөт. "Урмат Аралбаев акыйкатчы институту ачылгандан бери иштейт. Ички түзүмдү, иштерди жакшы билет. Эки талапкер чыккан, жашыруун добуш берилип, Аралбаев көп добуш алды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, "Ата Мекен" фракциясы акыйкатчы кызматына Канатбек Азизди көрсөтө турганы белгилүү болгон.

Аталган кызматта Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан тарта иштеп келген. Ал 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Анын арызын Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан