Эртең, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде юстиция министри кызматына Марат Жаманкуловдун талапкерлиги каралат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын талапкерлиги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан сунушталды. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында баяндаманы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жасайт.
Юстиция министри Айнур Абдылдаева 7-августта кызматынан бошотулган.
Марат Жаманкулов 1979-жылы 4-июлда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлгөн. Ал 2001-жылы "Юриспруденция" адистиги боюнча Кыргыз-Орус славян университетин бүтүргөн. 2014-жылы "Мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде адам ресурстарын башкаруу" адистиги боюнча президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын бүтүргөн.
2001-2002-жылдары Юстиция министрлигинин мыйзамдарды даярдоо жана укуктук-ченемдик актылар долбоорлорунун экспертизасы боюнча башкармалыктын эмгек келишими боюнча адиси;
2002-2005-жылдары Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасын реформалоо жана өнүктүрүү боюнча бөлүмдүн орун басары, бөлүм башчысы;
2005-2009-жылдары Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу системасын реформалоо боюнча башкармалыктын башчысы;
2009-2010-жылдары Жаза аткаруунун мамлекеттик кызматынын укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтыктын башкы башкармалыгынын башчысы;
2010-жылы Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин эксперттик кызматынын эксперти;
2010-2012-жылдары президенттик аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;
2012-2014-жылдары өкмөттүк аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;
2014-2015-жылдары өкмөттүк аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
2015-2016-жылдары өкмөттүк аппараттын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
2016-2017-жылдары Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасынын кеңешчиси;
2017-жылдан тарта Конституциялык палатанын аппарат жетекчиси болуп иштеп келет.