Бүгүн, 18-сентябрда Словакиянын Транава шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун 2-мелдеш күнү жыйынтыкталды. Анда кыргыз спортчусу Эрбол Бакиров финалда алтын медаль үчүн күрөштү.
Эрбол Бакиров 63 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, финалда египеттик Ахмед Мохамед менен кездешти.
Беттештин жүрүшүндө Бакиров 4:1 эсеби менен утуп келе жатып, атаандашына ыкма колдонуп таза жеңиш менен жеңүүчү аталды.
Муну менен Эрбол Бакиров жаштар арасындагы Дүйнө чемпиону болду.