Ысык-Көл ОИИБи: "Чолпон-Атада талаадан жансыз абалда табылган бала аутизм синдрому менен жабыркап келген"

Чолпон-Ата шаарында талаадан жансыз абалда табылган бала аутизм синдрому менен жабыркап келген. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда SUPER.KG порталына облустук милициядан билдиришти.

"Кечээ Чолпон-Ата шаарынын четиндеги талаадан жансыз абалда табылган 9 жаштагы бала аутизм синдрому менен жабыркап келгени аныкталды. Баланын өлүмүнүн болжолдуу себеби - ал муунтулган. Учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери улантылып жатат", - деп билдиришти облустук милициядан.

Эске салсак, кечээ эртең менен милицияга арыз менен жергиликтүү тургундардын бири кайрылган. Анда ал 9 жаштагы баласы үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Арадан көп убакыт өтпөй жоголгон баланын жансыз денеси табылган.

Маалымат үчүн: Аутизм – бул баш мээнин өсүшүнүн бузулушунан келип чыккан оору. Аутизм байыркы гректердин autos – "өзүм" деген сөзүнөн келип чыккан. Көбүнчө балдардын 1 жарым, 3 жаш аралыгында пайда болот. Аутизм менен жабыркагандар аутисттер деп аталат. Алар башында өзү теңдүү балдардан эч кандай айырмаланышпайт. Убагында басып, убагында сүйлөшөт. Ата-эне мээримин сезишет, аларга эркелеп күлөт, жылмаят, балдар менен чогуу ойнойт. Анан канча бир убакыттан кийин жүрүм-туруму, мүнөзү, чөйрөгө болгон мамилеси мурункудан тескери жакка өзгөрүлүп кетет. Башкача айтканда, акылынын өсүшү начарлап, сөз байлыгы азаят. Ал тургай билген сөздөрүн кошуп айта албай калганга чейин жетет. Күлүү жана адамдын көзүнө кароо деген жоголот. Ата-энесинин эркелетүүсү, колуна алып көтөрүүсү жат көрүнүшкө айланат. Алар көтөргүсү же башын сылагылары келип колдорун сунганда эле өзүнө жакындатпай чырдайт, ыйлайт. Кийингенди, жуунганды унутат.
Жаныбарлар менен куштардын атын, алардын өңүн ажыратуу кыйындайт.

Чолпон-Атада жоголуп кеткен 9 жашар баланын жансыз денеси талаадан табылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан