Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына 1-сентябрь күнү №8-бейтапканада 15 жаштагы кыз ийне сайылгандан кийин каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы бүгүн, 5-октябрда билдирди.
Маалыматка ылайык, өспүрүм невропатологдо дарылоодон өтүп жаткан.
"Азыркы тапта милиция тергөөгө чейинки иштерди аткарып жатат. Экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы чыккан соң өспүрүм эмнеден улам каза болгону белгилүү болот", - деп билдирди маалымат кызматы.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы атайын түзүлгөн комиссия окуянын чоо-жайын тактап жаткандыгын билдирди.
"Бул жерде дарыгердин күнөөсү барбы же жокпу укук коргоо органдары жүргүзгөн тергөө ишинен кийин белгилүү болот. Азыркы тапта комиссия эмне болгонун аныктап жатат", - дейт маалымат кызматы.