Бүгүн, 14-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
13-ноябрда Башкы прокуратура Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрагасы Кубанычбек Касымбековго кылмыш ишин козгоду. Ал кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгарууга айыпталууда. Аталган судья Бишкек шаарынын райондук сотторунун төрагаларынын арасында, дегеле жалпы өлкө боюнча кылмыш иши козголгон жалгыз судья эмес.
Кубанычбек Касымбековго карата козголгон кылмыш иши анын Сузак райондук сотунда иштеп турган мезгилине байланыштуу. Ал 2015-жылы Сузактын айылдык кеңешинин депутаттарына козголуп, кайра токтотулган кылмыш иши боюнча шектүүлөрдү мыйзамсыз сот жообуна тартып салган чечими үчүн айыпталууда. Бул чечимди андан жогору турган инстанция кийинчерээк жокко чыгарган. Касымбеков мурдагы баш прокурор, экс-депутат Аида Салянованы соттогон судья катары да коомчулукка белгилүү. Анын чечими менен Салянова 5 жылга эркинен ажыратылган. Эске салсак, Салянова жана анын жактоочусу, тарапташтары Касымбеков сот жараянында көп жолу мыйзам бузганын айтып, нааразы болуп келишүүдө.
Жыл башынан бери судьяларга карата ачылган кылмыш иштерин карап чыксак. Ушул жылдын январь айында башкы көзөмөл органы Нарын шаардык сотунун судьясы Айнагүл Жоробековага кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу жана атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу боюнча кылмыш ишин козгогон эле. Жоробекова 2016-жылы Нарын шаардык сотунун судьясы болуп дайындалган. Ал 2017-жылы жол кырсыгына байланыштуу соттук иште жабырлануучу тараптын өкүлдөрү прокурордун сөзүн бөлүп, судьяга сый мамиле көрсөтпөй, залдан чыгып кеткени үчүн 4 жаранды ар бирин 10 миң сомдон айыпка жыккан. Анын бул чечими мыйзамсыз деп табылып, иштин ачылышына себеп болуп берген. Жоробековага карата козголгон кылмыш иши бүгүн сотко жөнөтүлгөнү маалым болду.
Июль айында Башкы прокуратура "көзү азиз акын Темирлан Ормуков тергөө абагына камалган учурда арызын убагында карабай, эркиндикке болгон конституциялык укугун бузган" деп айыптап, Жогорку Соттун 3 судьясына кылмыш ишин козгогон.
Эрнис Чоткараев үстүнөн түшкөн арыздардан улам Бишкектин Октябрь райондук сотунун төрагалыгынан кеткен. Анын кызматтан кеткени маалымдалбастан, ордуна Дамирбек Назаров дайындалганы октябрь айында билинген. Айрым маалыматтарга караганда, Чоткараев өлкөдөн чыгып кеткен. Анын үстүнөн Жогорку Соттон Судьялар кеңешинин дисциплинардык кеңешине мыйзамсыз иштерге барганы боюнча арыз түшкөн. Чоткараевдин ысымы ушул жылдын апрель айында соттордун Ак Үйдөгү айтылуу “куратору” Манасбек Арабаевге байланыштуу чууда аталган.
Октябрь айында Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркеева кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык жасалмалуулук жана атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу боюнча айыпталып, кылмыш иши козголгон. Жаркеева 2015-жылдан бери Свердлов райондук сотунун судьясы болуп иштеп келип, 2018-жылдын август айында кызматтан алынган. Ушул эле октябрь айында кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы Марлес Феликстин ыйгарым укуктары токтотулган. Бул боюнча окуянын чоо-жайы ушул күнгө чейин белгисиз. Жогорку Соттун 3 судьясынын жана Москва райондук сотунун судьясы Марлес Феликстин кылмыш иштери учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде тергелүүдө.
Жыл башынан бери эле онго чукул судьяга мыйзамсыз чечимдери үчүн кылмыш иши козголду. Алардын айрымдары буга чейин парламент депутатынын да тагдырын чечкен. Сот системин реформалоо кечиктирилгис иш экенин ар бир президент кызматка киришер алдында айтып келет. Сооронбай Жээнбеков да өзү алгачкы жолу төрагалык кылган Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында сот системи коррупцияга малынган органга айланып, түздөн-түз милдетин аткара албай калды деп сынга алган. Кийин 17-майда президент сот системин реформалоо боюнча кеңештин жыйынын өткөрүп, анын дарегине келген кайрылуулардын 70 пайызы сот системине нааразы экенин белгилеп, "сот системин реформалоо кечеңдеп жатат" деп сындаган. Азырынча президенттин жогорудагы сөздөрү кагаз жүзүндө гана калууда. Жакын арада ал сөздөр иш жүзөгө ашпаса, президенттин дарегине популист деген сын айтыла баштайт. Анын үстүнө учурдагы судьяларга козголгон кылмыш иштери аягына чыгабы же бул эски бийликтен калган кадрларды тазалоо саясатыбы, аны да убакыт көрсөтөт...
Бишкектин мурунку мэри Кубанычбек Кулматовдун жарандыгына байланыштуу иш токтотулду. Буга Мамлекеттик каттоо кызматынын сотко берген арызын кайтарып алганы себеп болду. Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесаревдин айтымында, каттоо кызматынын каты 14-ноябрда Биринчи Май райондук сотундагы отурумда тааныштырылган.
14-июнда Кулматовго карата "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" жана "мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Алгач бул иш кайсы факты боюнча козголгону ачыкталган эмес. Кийин Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти ушул жылдын сентябрында Кулматовдун паспорту мыйзамсыз берилгендиги боюнча сотко арыз жазып, жарандыгына байланыштуу маселе кылмыш ишине себеп болгону белгилүү болду. Мамкаттоонун арызында Кулматов 1996-жылы Орусиянын жараны болуп туруп Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз алганы көрсөтүлгөн. УКМК да аталган маалыматты ырастап, соттук териштирүү жүрүп жаткан болчу. Эми иш токтотулду.
Учурда Кулматовдун дагы бир кылмыш иши бар. Ал "коррупция" беренеси боюнча козголгон. Экс-мэр 2014-жылы Бишкек мэриясын башкарып турганда Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда. Буга байланыштуу ушул жылдын 18-майында кылмыш иши козголуп, Кулматов 5-июнда УКМК тарабынан камакка алынган. Ал ушул күнгө чейин УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Кечээ Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында депутаттар УКМКнын өкүлүнөн ЖЭБ чуусуна байланыштуу кылмыш ишинин тергөөсү эмне үчүн узак убакытка созулуп жатканын сурашты. УКМКнын өкүлү тергөө ноябрдын аягында бүтөрүн жана узак созулганынын себеби экспертизанын жыйынтыгына байланыштуу экенин айтты. Бирок Кулматовун баласы "атам 5 айдан бери УКМКда жөн эле жатат, бир да жолу тергөөгө чакырылган жок" деп жазып чыкты.
Жогорудагы кылмыш ишине кайта турган болсок, анда арызды кайтарып алууга эмне түрткү болгону тууралуу Мамкаттоо азырынча комментарий бере элек. Экс-чиновникке иш козголуп, арызды кайтарып алуу кылмыш ишинин чийки болгонун жана бул иштин алкагында тиешелүү кызматкерлердин шалаакы мамилесинен кабар бербейби?..