Бүгүн, 15-ноябрда троллейбустун зымдары тартылган мамыны таштанды ташыган унаа сүзүп алды. SUPER.KG порталына Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, бул окуядан жабыркагандар жок.
"Троллейбустун зымдары тартылган мамыны сүзүп алган таштанды ташуучу унаа "Транс Групп" жеке компаниясына таандык болгон. Учурда ал унаа айып аянтчасына токтотулду. Ал эми зымдарды өткөрүүчү мамыны оңдоо иштери жүрүп жатат", - деди басма сөз катчы.
Белгилей кетсек, "Элдик кабар" рубрикасына окурман тарабынан Лев Толстой, Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды ташыган унаа троллейбустун зымдары тартылган мамыны сүзүп алганы тууралуу маалымат келген.
"Тазалыктын" басма сөз кызматы аталган унаа менчик компанияга таандык экенин айтып, ишканага тиешеси жок экенин билдирген.