ИИМ: "Маркум прокурор Мамажакыпов менен шектүү Калыковдун мушташып жатканын көргөндөр бар". Кылмыш катталган аймактын картасы

Баткен облусунун киши колдуу каза болгон прокурору Анарбай Мамажакыпов менен шектүү М.Калыковдун мушташып жатканын көргөндөр бар. Мындай маалыматты ИИМдин тергөө тобунун башчысынын орун басары Нурлан Утемисов бүгүн, 29-ноябрда маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, күбөлөр унаа менен кетип баратып мушташты кокустан көрүп калышкан.

"Анарбай Мамажакыпов менен шектүү Мелис Калыковдун ортосундагы урушту алар менен аңчылыкка бирге чыккандар көрүшкөн эмес. Бирок күбөлөр бар. Алар унаа менен жолдон өтүп баратып кокустан көрүп калышкан. Алардан да так көрсөтмөлөр алынды", - деди Утемисов.

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы Замир Бейшекеев SUPER.KG'нин суроолоруна жооп берип жатып экөө мушташып жатканда прокурорлор кайда болгонун айтып берди.

"Чындыгында аңчылыкка чыгуудан бир күн мурун облустук прокуратура жетекчилери менен шектүү Калыков анын жакынынын тоюнда бирге болушкан. Аңчылыкка чыгууну алар ошол жерден чечишкен. Эч кандай мажбурлоо болгон эмес. Калыков жергиликтүү тургун болгондуктан көпчүлүк эл жакшы тааныйт экен. Эртеси Нива жана Лексус унаасы менен эс алууга чыгып, кайра кайтышкан. Лексус унаасын Калыков айдап барган. Калыков унаасын Төрт-Күл суу сактагычынын жанындагы кафеге алып келип токтотуп Нивада келе жаткандарды күтүшкөн. Алар келгенден кийин Калыков унаага Мамажакыповду салып алып кайра жолун улаган. Бирок калгандары кошумча унаа чакыртып Мамажакыповду издешкен. Калыков негизги жол менен келатып унааны тоо тарапка кеткен таштак жолго салып кылмышты ошол жактан жасаган. Эс алган жер менен кылмыш катталган жайдын аралыгы 20 чакырым", - деди Бейшекеев.

Бейшекеев алар аңчылыкка мыйзамсыз чыгышканын айтты. "Аңчылыкка чыгууга эч кандай уруксат алышкан эмес. Андан сырткары мас адамды унаа башкартып, кылмышты алдын алууга аракет көрбөгөнү үчүн маркум прокурор Мамажакыповдун эки орун басары, эки бөлүм башчысы жана Баткен районунун прокурору менен орун басары жумуштан алынды", - деди ал.

Баткен облусунун прокурору Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.

Белгилүү болгондой, киши колдуу каза болгон Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында төрт баласы калды. Ал ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон. Анын сөөгү 19-ноябрда Чоң-Алай районундагы туулуп-өскөн Чак айылында жерге берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан