Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча Ош шаардык соту чечим чыгарды. Анда айыпталып жаткан Мелис Калыков күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык сотунун чечими 27-ноябрда чыккан.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Облустук милициядан билдиришкендей, прокурор Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 2018-жылдын 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында, анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 06:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.
29-ноябрда маалымат жыйыны өтүп, анда Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы кылмышка шектелип кармалган М.Калыков маркумду баш сөөккө атып өлтүргөнүн маалымдаган. Ал эми ИИМдин тергөө тобунун башчысынын орун басары Нурлан Утемисов маркум менен шектүү М.Калыковдун мушташып жатканын көргөндөр бар экенин билдирген.
Белгилүү болгондой, киши колдуу каза болгон Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында 4 баласы калды. 2018-жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон. Анын сөөгү 2018-жылдын 19-ноябрында Чоң-Алай районундагы туулуп-өскөн Чак айылында жерге берилген.