Киши колдуу болгон прокурордун аңчылыкка кошо чыккан адамдар менен түшкөн сүрөтү жарыяланды

Киши колдуу каза болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун аңчылыкка кошо чыккан адамдар менен түшкөн сүрөтү бүгүн, 19-ноябрда интернетке жарыяланды.

Андагы сүрөттө облус прокурору Анарбай Мамажакыпов солдон үчүнчү турганын көрүүгө болот. Ошондой эле алардын катарында шектүү катары камакка алынган М.Калыков да бар.

Облустук милициянын маалыматына караганда, Мамажакыповдун унаасы 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынан, жансыз денеси эртеси шаардын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган. Анын өлүмү боюнча эки кылмыш иши ачылып, шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы кармалып камакка алынган.

Буга чейин маалым болгондой, Мамажанов, Калыков облустагы прокуратуранын 4 кызмат адамы менен 17-ноябрь күнү аңчылыкка чыгышканы кабарланган.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Tolkun555
2018-11-19 21:45:06
Прокурор менен менттерди коргум келбейт
+8
Aikaaaa
2018-11-20 01:10:15
Мамажанов, Калыков, дагы прокуратуранын төрт кишиси деп алты кишини айтыптыр, а сүрөткө тартып жаткан кишиси ким болду экен жетинчиси
+3
Mars575
2018-11-20 10:38:22
Биздин коргоочуларыбыз мамлекеттин тиреги ушулар болсо. Бул бир эле Баткенде эмес бут Республикада ушул корунуш. УУга эмне бар, баары мас иш мезлили болсо бирин бири кырып, мыкаачылык менен жасалган олум. Аттин ай аттин ай кайран кыргыз
+2
Umakg
2018-11-20 10:48:05
Прокурорду ичер суусу тугонгон экен ошол куну олушун озуда билбей кеттиго ошого олумго даяр бололу Ким качан олот кудай билеты
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан