"Коомдогу орчундуу маселени элдик талкууга койгум келди" дейт "ЭЛДИК КАБАРдын" жеңүүчүсү

Өзгөн районуна караштуу Куршаб аймактык ооруканасында өз ишин билбеген адистер иштегенин кабарлаган окурман "ЭЛДИК КАБАРдын" ноябрь айындагы жеңүүчүсү болду.

Куршаб айылындагы жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчиси Нурзия Бекиева поликлиниканын башчысы Г.Ө. ээлеген кызматынан жана каттоо бөлүмүндө иштеген М.М. жумуштан четтетилгенин билдирген.

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Туз-Бел айылынын тургуну Жаркынай Кочкорова "Бейтаптардын оору тарыхы жазылган карталарын жана клиникалык маалымат формаларын (КИФ) берген кабинетте иштеген адистер өз ишин билбейби? Картага келгендер кезек күтүп турушат. Таап берүүсүн өтүнгөндөргө жакшыраак да жооп беришпейт. Кагып-силкип, урушуп мамиле кылышат. Кээ бир адамдар өздөрү таап чыгууга кирип, төрүнө чейин аралап кетишет. Эмне үчүн андай документтер сакталган жайга жөнөкөй жарандарды киргизип аралатып жиберишет?" деген эле.

"Мен Туз-Бел айылында жашайм, тарых сабагынан мугалим болом. Элдик кабарга окуяны жөнөткөн максатым бул коомдогу орчундуу маселени элдик талкууга койгум келген жана өзгөрүүлөр болот деп үмүттөнгөм. Бул ооруканада карапайым калк жетекчиге кирип арыздана алчу эмес. Элдик кабардын жеңүүчүсү болом деп күткөн эмесмин. Болгону мен үчүн окуядан кийинки өзгөрүү кубандырат, анткени калкты тейлөөнү жакшыртуу керек. Өзүмдүн жумушумда милдетимди аткарууга аракет кылам жана жоопкерчиликти билем. Мен жөн гана бардыгы иретке келсе дегем. Мындай окуяларды коомчулук айтып турушу керек деген ойдомун. Жетекчиге Эмгек кодексине туура келбеген жаза берилиптир. Анткени жумуштан алууга чейин бир топ жазалар бар", - деп айтты окурманыбыз.

"ЭЛДИК КАБАРдын" 2018-жылдагы жеңүүчүлөрү:

2018-жыл, январь айы - Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылындагы Р.Конкошев атындагы №12-орто мектебинин окуучулары өтө кооптуу мектепте окуп жаткандыгын кабарлап, сүрөттөрүн жөнөткөн окурман (Ош облусу).

2018-жыл, февраль айы - Кичи автобустун айдоочусу телефон чукулап бара жатып башка унаа менен сүзүшүп кете жаздады деп маалымдаган окурман (Бишкек шаары).

2018-жыл, март айы - Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына жакындары тарабынан сабалып түшкөн 8 жаштагы кыз жөнүндө маалыматты жөнөткөн окурман (Бишкек шаары).

2018-жыл, апрель айы - Ноокатта сүйгөн кызына барып, сабалган жигиттин окуясын жөнөткөн окурман.

2018-жыл, май айы - Айдоочу жол тандабас унаасы менен инспекторду жөөлөй айдады деген маалыматты жөнөткөн окурман.

2018-жыл, июнь айы - Мектепти мугалимдер оңдоп-түзөөгө милдеттүүбү деген маалыматты жөнөткөн окурман.

2018-жыл, июль айы - Чет жерде иштеп кыйналган мекендештерибизди эми айдоочулар азапка салды деген маалыматты жөнөткөн окурман.

2018-жыл, август айы - Кызымды бала бакчада тайпалашы 15 жеринен тиштеп салыптыр деген маалыматты жөнөткөн окурман.

2018-жыл, сентябрь айы - Москвада кыргыз жигити улгайган аялды өрттөн куткарып калганын кабарлаган окурман.

2018-жыл, октябрь айы - Ошто казинолор дале иштеп жатканын жана 54 миң сомду уттуруп жибергенин кабарлаган окурман.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AIA-TOO
2018-12-04 12:39:56
Көп деле талкуу болбоптурго? Үч эле билдирүү турат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан