Интернетте Кытай жарандарынын Кыргыз өлкөсүнүн аймагында иш алып барышы тууралуу маалыматтар тарап жатканына байланыштуу УКМК текшерүү жүргүздү. Коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы кастыкты козуткан, чагымчылдыкка чакырган билдирүүлөрдү жазгандар аныкталганын билдирди.
Маалыматка караганда, кармалгандар жазган билдирүүлөрүн моюнга алып, өкүнүп жатышканын айтышкан.
"Айрым күчтөр өлкөдөгү туруктуулукту жок кылуу максатында атайын материалдарды даярдап, таратып муну менен коомчулукту чаташууга алып барышууда. Алардын катарында 2015-жылы Казакстанда 6 жашар кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнү тууралуу видео дагы бар. Аталган кылмышка күнөөлүүлөр жазага тартылышкан. Буга байланыштуу УКМК мыйзамга туура келбеген иштерди жасап кылмышка катышып калуудан оолак болууну эскертет. Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесине ылайык этностор аралык кастыкты козуткандар 4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат", - деп айтылат маалыматта.