Жумгал районундагы кар күрөө үчүн айдалып барып, сууга түшүп кеткен трактор чыгарылып, аны жылытып от алдыруу иши жүрүүдө. Мындай маалыматты бүгүн, 28-декабрда Чаек айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу Айгүл Токтоналиева билдирди.
"Трактор кечээ, 27-декабрда чыгарылып, гаражга от жагылып, техниканын музун эритүү иши жүрүүдө. Себеби биз трактордун техникалык абалын эртерээк текшеришибиз керек. Мен айыл өкмөттүн милдетин аткаруучу болуп жатканда ушундай окуя катталып кетти. Өзүм да жаман абалда калдым. Ал эми айдоочу да ошол убакта нес абалда калгандыктан кечээ, 27-декабрда ооруканага жаткырылды. Ал эми бул тапшырманы бергендигим үчүн мен прокуратурага чакырылдым", - деди Токтоналиева.
Суудан чыгарылган техника Чаек айылына бир айдай убакыт мурун грант аркылуу алып келингени маалым. Аны Шортон көлмөсүнүн үстүнө тоңгон музду хоккей аянтчасына даярдоо үчүн кар күрөгөнү айдап барышкан. Тракторду муз көтөрө албай, ал сууга түшүп, жарымынан көбү суу астында калган.