Бүгүн, 14-февралда Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында Аваз Акимов менен Айдана Дека махабат майрамына карата концерт өткөрүүдө.
Аталган концертте Аваз Акимов Айдана Деканын колун сурады. Ырчы кыз толкунданып "макул" деген жообун берди.
Ал эми үйлөнүү тойду эки тараптын ата-энеси сүйлөшүп чече турганын ырчы мырза белгилеп өттү.
"Жалпы элимдин алдында сүйүктүүмдүн колун сурап алдым. Эми тойду ата-энелерибиз чечет. Толкунданып турам", - деди Аваз Акимов күлүп.
Концертке конок катары чакырылган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алина Жетигенова Айдана Дека менен биргеликте "Кыздын сыры" аттуу чыгарманы аткарышты.
Концерттин жүрүшүндө алып баруучулук кызматты аркалап жаткан "тамашоучу", актёр Эмил Эсеналиев залда отурган элди шаңга бөлөдү. Ал эми ырчылар Алмаз Шаадаев, Kg Элмурат, Дайыр Исмадияров, Нурмат Садыров, Гүлназ Чыныбек кызын сахнага алып чыгып оюн уюштурду.
Мындан тышкары залда отурган эл Аваз Акимовдун жандуу үн менен аткарган ырларын жакшы кабыл алып, зал шаңга бөлөндү. Ырчы мырза Эмил Эсеналиев да жакшы ырдай турганын айтып, экөө чогуу "Сары-Ой" чыгармасын аткарышты.
Ошондой ал чыгармачылыгына убагында жардам берген Сыймык Бейшекеевге ыраазычылыгын айтып өттү.
Бул концертке ырчы жигиттин ата-энеси келе албай калган. Алар Ош шаарында өтө турган концертке келери айтылды.
Айдана Дека бул концертте бир тууган агасы Канат Деркембаев менен "Энекебай" аттуу чыгарманы аткарышты. Бир туугандар ырдын соңунда апасына гүл сунуп, ыраазычылыгын билдиришти.
Көптөн бери эки жаштын бактылуу мүнөттөрүн күтүп келген күйөрмандары залды жаңырта кыйкырып, эки жашка бакыт, сүйүү каалап бир дуу болуп анан токтошту. Күйөрмандардын арасындагы Аваз Акимовдун чыгармачыл достору ырчынын бул кадамына сүйүнүшүп, толкуган элди сүрөп отурушту.
Сүйүү күнүндө бактылуу болгон эки жашка бакыт каалаган күйөрмандар жагымдуу маанайда үйлөрүнө кайтышты.
Аваз Акимов менен Айдана Дека кыз-жигит мамилесинде экенин өткөн жылы ырчы бийкечтин туулган күнүндө ачыкташкан.