Октябрь райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду

Октябрь райондук сотунун судьясына жана ушул эле райондук соттун башка кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Мындай маалыматты бүгүн, 7-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты. Анда белгилүү болгондой, Октябрь райондук сотунун Эрнис Чоткараев аттуу судьясы жана башка кызматкерлер 2017-2018-жылдардагы административдик материалдарды жок кылууга айыпталган.

"Жогорудагы айыптоодон тышкары алар мас абалында жана баңги каражаттарын колдонуп алып унаа башкарган жарандардан айып пул катары төлөнгөн 4 миллион 711 миң сомду алдамчылык жолу менен өзүнө ыйгарып алууга шектелишкен. Чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки тергөө үчүн УКМКга өткөрүп берилди", - деп билдирди прокуратуранын басма сөз кызматы.

Кошумчалай кетсек, жогоруда айыпталып жаткан судья Эрнис Чоткараевдин үстүнөн 2018-жылдын октябрь айынын соңунда Жогорку Соттон Судьялар кеңешинин дисциплинардык кеңешине мыйзамсыз иштерге барганы боюнча арыз түшкөн. Эрнис Чоткараев үстүнөн түшкөн арыздардан улам Бишкектин Октябрь райондук сотунун төрагалыгынан бошотулган. Айрым маалыматтарга караганда, Чоткараев өлкөдөн чыгып кеткени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Janibek_Mamytov
2019-03-07 15:26:56
Нормальный иштеген судья табыла бекен кыргызстанда. Судья ,прукурорлор иш оорундарын балдарына өткөрұп беришет. Менчик кылып алышкан майлуу сүттүү жерлерди азыркы чиновниктер
0
elchi84
2019-03-07 15:36:44
Бар экен го чындык .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан