Декларация: ЖКнын депутаты Надира Нарматованын бир жылдык кирешеси 6 299 871 сом
Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова 2012-жылы 6 299 871 сом киреше тапса, анын 669 871 сомун эл өкүлү маяна катары алган. Депутаттын тапшырган декларациясында 450 чарчы метр аянтты ээлеген 1 үйү, 500, 400, 550 чарчы метр жерди ээлеген 3 административдик имараты бар экендиги көрсөтүлгөн. Ал эми жакындарынын 400 метр жерди ээлеген бир үйү бар. Башка мүлктөрү тууралуу маалымат берилген эмес.