Чүй облусундагы Аламүдүн районуна караштуу "Ала-Арча" эс алуу жайында куураган чөптөн бүгүн, 31-августта өрт чыкты. Маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги таратты. Ага ылайык, эс алуу жайдагы тоонун боорундагы куураган чөп күйгөн.
"Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылды. Өрт тууралуу маалымат саат 14:55те түшкөн. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылат ӨКМнын маалыматында.