Бүгүн, 17-сентябрда Ак Үйдүн алдына Баткендеги Тажикстан менен болгон чек арадагы абалга нааразы тургундар топтолушту. Алар бийлик өкүлдөрү мындай кырдаалга жеткирбей маселени чечиши керек болчу деген пикирлерин айтууда. Ошондой эле абал мындан ары курчубашы үчүн мамлекет тараптан болгон аракеттер көрүлүшү керек деген талаптары бар.
Учурда митингдин жүрүшүн милиция кызматкерлери көзөмөлдөп жатат. Анын ичинен 10го жакын митингчини күч органдары кармап кетти.