ЖКнын депутаты Кожобек Рыспаевдин 1 соода борбору, 1 кафеси жана 2008-жылы чыгарылган Тойота Ленд Крузер Прадо автоунаасы бар. Соода борбору менен кафесинин аянты 100 чарчы метрден, үйүнүн аянты 182,3 чарчы метр. Депутат 2012-жылы иш ордунан 779 520 киреше тапкан. Рыспаев жакындарынын кирешеси, мүлкү тууралуу маалымат берген эмес.