"Үй-бүлөбүздүн, гивдин жана демөөрчүлөрдүн атынан коронавируска каршы күрөшүүгө 200 миң сом жумшайбыз" деп ырчы Мирбек Атабеков социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Өзүңүздөр көрүп тургандай эле, азыркы учурда дүйнө жүзүндө коронавирус оорусу жайылып жатат. Ошого карата биздин гивди дагы убактылуу токтотконго чечим чыгардык. Карантинден чыккандан кийин жаңы күч менен сиздерге сонун белектерди ойнотуп баштайбыз. “Атабековдордун бир жылдык гив” тарабынан бардык жоопкерчиликтер сакталат. Атабековдордун үй-бүлөсүнөн, гивдин жана демөөрчүлөрдүн атынан коронавирус оорусуна каршы күрөшүү үчүн 200 миң сом жумшайбыз", - деп жазды.