Илон Масктын космостук кемеси жарылып кетти

Илон Масктын Ай жана Марска учуу үчүн иштелип чыккан SpaceX'тин прототиби болгон "Starship" космос кемеси, эки жолу ийгиликсиз учуруудан кийин АКШнын Техас штатына ийгиликтүү конду. Бирок конгондон кийин ал өрттөнүп, бир нече мүнөттөн кийин жарылып кеткен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, SpaceX биринчи жолу сыноо учурунда өзүнүн Starship прототиптеринин бирин кондурууга жетишти.

Starship SN10 онунчу өндүрүштүк сыноочу аппарат суборбиталдык учууну жасады жана SN8, SN9 мурунку аппараттардан айырмаланып Техастагы Бока-Чика аймагындагы учуруу комплексинин жанына тигинен коно алган.

Триумф кыска мөөнөткө созулган. Автоматтык өрттү өчүрүү тутуму суунун агымын ракетанын түбүндөгү жалынга багыттап жатканда космос кемеси жерге түшкөндөн сегиз мүнөттөн кийин жарылып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан