Социалдык тармактарда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов отставкага кетти деген маалыматтар байма-бай чыгууда. Бул боюнча SUPER.KG порталы аталган банктын басма сөз кызматына байланышканыбызда бул маалыматты четке кагышты.
Белгилей кетсек, Абдыгулов 2014-жылдан бери Улуттук банктын төрагасы кызматын аркалап келет.