Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен кечээ, 21-ноябрда Ош облусунун Алай районунун жергиликтүү тургундары митингге чыгышкан. Жол тосуу менен уланган митингдин уюштуруучулары жолду кечки саат 17:15те ачышкан.
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "паракорчулук" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган.
Бишкекте 21-ноябрда Ак үйдүн алдында да депутатты бошотуу талабы менен митинг өткөн.