Бишкекте Украинадагы кырдаалга байланыштуу гуманитардык жардам жиберүү иши уюштурулуп жатат. Бул туурасында "Помогать легко" коомдук уюмунун жетекчиси социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анда согушта эң баалуу нерсе эч күнөөсү жок карапайым эл экени айтылып, эң зарыл болгон каражаттарды гуманитардык жардам катары жиберүү иши жүрүп жатканы айтылат.
Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам катары жылуу кийим, жууркан, аз убакыттын ичинде бузулуп кетпей турган азык-түлүк, кургак мөмө-жемиштер, алгачкы жардам үчүн зарыл болгон дары-дармектер чогултулуп жатат.
Кайрылууда гуманитардык жардам Жаш Гвардия бульвары, 71а дарегинде жайгашкан Биринчи балдар хосписинин короосунда чогултулуп жатканы айтылып, байланыш номери катары 0556400400 номери көрсөтүлгөн.