АКШда 53 мигранттын жансыз денеси табылган фуранын айдоочусу өлүм жазасына тартылышы ыктымал

АКШда 53 мигранттын жансыз денеси табылган фуранын айдоочусу өлүм жазасына тартылышы ыктымал. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

53 адамдын жансыз денесин ташып бара жаткан фура шейшемби күнү Техас штатындагы анча чоң эмес жолдо табылган. Окуя болгон жерге барган Сан-Антонио шаарынын өрт өчүрүү кызматы берген маалыматка караганда фурада желдеткич жана суу болгон эмес. Ал эми андагы ондогон адам АКШнын аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттар болгон. Алар жашыруун түрдө башка аймакка бара жатышкан жолдо жогорудагы эки себептен улам каза болушкан.

"Фуранын айдоочусу Омеро Заморано өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Ал чет элдиктерди мыйзамсыз ташуу жана көп сандагы адамдын өлүмүнө себепкер болгону үчүн айыпталууда. Эгер сот Заморанону толугу менен күнөөлүү деп тапса өлүм жазасына тартылат же өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылат", - деп билдирген полиция кызматы.

Ал эми кылмышка катыштыгы бар Кристиан Мартинес аттуу дагы бир жаранды дагы ушундай эле чоң жаза күтүп турганы кабарланды. Ал фуранын айдоочусу менен чогуу болгон.

Фуранын прицеби мексикалык Хуан Мендес жана Хуан Бильбао аттуу жарандардын атына катталган. Аталган эки жаран дагы 10 жылга эркинен ажыратылышы ыктымал экендиги маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан