Адамдардын шылдыңына карабай чоң моделге айланган сакалчан айым Харнаам Каур тууралуу кызыктар

Сыноолор менен канчалык деңгээлде күрөшө аласыз? Эгер ал табияттан берилген жана өзгөртүүгө мүмкүн болбогон нерсе болсочу? Башкага берилген артыкчылык бизде жок болгону үчүн тагдырга таарынуу керекпи же бизге берилген бар мүмкүнчүлүктү колдонуп ийгиликке жетүү маанилүүбү? Дүйнөдө буга жандуу далил болуп бере турган көптөгөн күчтүү инсандар бар. Алардын бири "сакалчан айым" катары дүйнөгө таанылган англиялык модель, активист Харнаам Каур.

Харнаам Каур

Харнаам Каур 1990-жылы 29-ноябрда Англиянын Слау шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал 12 жашында сейрек кездешкен гирсутизм дарты менен жабыркай турганы аныкталган. Гирсутизм бул - айымдарда эркектерге мүнөздүү болгон чачтын чыгуусу (чач, сакал, мурут ж.б). Каур өзүндө гирсутизмдин алгачкы белгилери байкала баштаганда дайыма айланасындагы адамдардын шылдыңына кабылып турган. Мындан улам жүзүнө чыккан сакал-мурутту күнүгө алып турууга мажбур болгон. Бирок убакыт өткөн сайын ал өзүнүн адаттан тыш келбетин кабылдап, коомчулукка ошол боюнча көрүнө баштаган. Ошол учурда Каур журналдардын бирине берген маегинде мындан ары сакал-мурутун албай турганын билдирген.

"Мен мындан ары жүзүмдөгү сакалды калтырып, коомдогу "айымдар мындай же тигиндей болуш керек" деген сыяктуу калыптарга каршы кадам таштоону чечтим. Менде жашоодон кечүү, айланадагылардын күлкүсүнөн кутулуу сыяктуу эч бир ой жок. Мен жапжаш, сулуу, сакалдуу айым болгонум үчүн абдан бактылуумун. Бул менин денем. Ал бирөө гана. Андыктан мен өзүмдү абдан жакшы көрөм", - деген модель.

Каур 2013-2014-жылдары шаардагы мектептердин биринде мугалим болуп иштеп калат. Ошол учурда ал акырындык менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүн бура баштаган. 2015-жылы белгилүү сүрөтчү Брок Элбанк Лондондо өткөн сүрөт көргөзмөсүндө Каурдун сүрөтүн да жарыялаган. Ошол эле жылы дагы бир белгилүү сүрөтчү Луиза Култхерст тарткан Каурдун сүрөтү "Rock N Roll Bride" журналынын башкы бетине чыккан. Көпчүлүккө тааныла баштаган Каурду көп өтпөй америкалык модель Тесс Холидей байкап калып, өзүнүн компаниясына өзгөчө өкүл катары чакырган. Ошентип моделдердин чөйрөсүнө аралашкан Каур бир жылдан кийин Лондондо өткөн мода жумалыгында подиумга чыгып, тарыхтагы алгачкы сакалчан модель айым катары жаңылык жасаган.

Каур 2016-жылы сентябрь айында дүйнөдөгү эң жаш сакалчан айым катары "Гиннестин рекорддор китебине" кирген. Табияттан берилген адаттан тыш келбетин чанбай, коомдун пикирине каршы турган күчтүү айым азыркы күнгө чейин башкаларга мотивация берүүчү эң күчтүү адамдардын катарында. Ал көптөгөн дүйнөгө белгилүү ырчылардын клиптеринде образ жараткан. Бир катар компаниялардын, журнал-гезиттердин жана уюмдардын башкы жүзүнө айланган. Мындан тышкары коомдун ар кандай катмарындагы адамдардын тең укуктуулугу үчүн күрөшкөн кыймылдарга активдүү катышып келет.

Жогоруда белгиленгендей, Каур адам укуктарын коргоого багытталган ар түрдүү иш-чараларга байма-бай катышып, бул багыттагы компаниялар менен активдүү кызматташып келет. Ал мындай кадамдарын бала кезинде өзү да тышкы келбетинен улам көп жолу башкалардын кемсинтүүсүнө кабылганы менен байланыштырат. Журналисттерге берген маектеринде мындай кемсинтүүлөрдөн улам бир канча жолу өз жанын кыйгысы келгенин да билдирген. Каур адамдар табияттан берилген айрым кемчиликтери үчүн коомдун кысымына кабылбаш керек деп эсептейт. Ал социалдык тармактагы баракчаларында да коомду дайыма теңсиздикке каршы (расалык, гендердик, диний ж.б теңсиздиктин түрлөрү) күрөшүүгө чакырып келет.

Харнаам Каур 2017-жылы Улуу Британия парламентинин палатасында өткөн адам укуктары боюнча чоң талкууга катышып, сөз сүйлөгөн.

"Биздин денебиз жана келбетибиз бизге белек болуп берилген. Ал бирөө гана. Ошондуктан кимде-ким сизди кабыл алгысы келбесе алардан алыстап кетиңиз. Жашоо бир гана жолу берилет. Андыктан ар бирибиз ошол жашоодо бактылуу болууга укуктуубуз. Биз, адамдар, качан гана бири-бирибизди кандай болсок ошондой кабыл алганды үйрөнгөндө гана бактылуу болобуз. Кемчиликтериңизден уялбаңыз. Башкаларга окшош болбогонуңуз үчүн уялбаңыз. Башкаларга окшош болуу үчүн эч качан өзүңүздү кыйнабаңыз", - деген Харнаам Каур.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан