Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгыгы (муфтият) Бишкек шаарынын Свердлов районунун баш имам хатиби Садыбакас Дооловдун социалдык тармактарда талкуу жараткан видеосуна байланыштуу териштирүү жүрө тургандыгын билдирди.
"Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Садыбакас Дооловдун айткандары боюнча тактоо иштерин жүргүзөт жана видеодо айтылган маалыматтар кандай максатта айтылгандыгын териштирет", - деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда диний ишмер Садыбакас Дооловдун аялдардын ачык кийингенин кеп кылган видеосу талкуу жараткан.
Анда анын "аялдардын эти арзандаганы үчүн базардагы койдун эти кымбаттады" деп айтканын көрүүгө болот.