Тажикстан дагы Тайвань боюнча позициясын жарыялады

Коңшу Тажикстан аймактагы окуяларга кылдат көз салып турат жана "бир Кытай" саясатын колдойт. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.

"Тажикстан эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларына жана принциптерине ылайык Кытайдын аймактык бүтүндүгүн колдойт. Тажикстандын Тайвань боюнча позициясы өзгөрүүсүз бойдон калат, биз “бир Кытай” саясатын жактайбыз жана биз Кытай Эл Республикасынын өкмөтүн жалгыз деп тааныйбыз", - деп айтылат Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

Буга чейин Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрликтери дагы "бир Кытай" саясатын колдоорун жарыялашкан.

Белгилей кетсек, Тайванды эгемендүү мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Кытай 1979-жылдан бери аралды өзүнүн бир бөлүгү катары эсептейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан