Мамлекеттик чек ара кызматы: Кыргыз-кытай чек арасында өлтүрүлгөн кылмышкерлердин жанында Куран китеби, жайнамаз, тесмелер болгон  

23-январда кыргыз-кытай чек арасында Кыргызстандын жаранын өлтүргөн кылмышкердин баары жок кылынган. Алардын жанында экстремисттик маанайдагы материалдар табылган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.
 Кылмышкерлердин жанынан 1 октолгон мергенчи мылтыгы,  3 даана жүк ташуучу унаанын дөңгөлөгүнүн камерасы, 2 желдеткич (насос), зымдарды кесүүчү шайман,  8 асынма баштык, азык-түлүк (жүгөрүнүн уну, мисте жана 2 литр бал), 1 компас, 11 кепин, аймактын картасы (Кытайда чыгарылган), узундугу 10-15 метр болгон 11 даана аркан, 11 кышкы бут кийим, 11 жайнамаз, 1 Куран китеби, ачкычтар, 11 бычак, 11 кара бет кап, 2 балта, 11 комплект дааратканага колдонулуучу буюмдар, бузулган видеокамера, 2 тесме жана 602 юань, 546 доллар акчасы болгон.

Эске салсак, Ысык-Көл облусундагы "Ак шыйрак" чек ара заставасынын аймагында пайда болгон белгисиз 11 адам бир токойчуну өлтүрүп, өздөрү курчоодо калышкан эле. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан