Жогорку Сот "криминалдык авторитет" Камчы Көлбаевдин иши боюнча чыгарган Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды

Жогорку Сот "криминалдык авторитет" Камчы Көлбаевдин иши боюнча чыгарган Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн, 14-майда билдирди.

Маалыматка караганда, 14-майда Камчы Көлбаевдин иши боюнча сот отуруму болгон. Анда жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар боюнча соттук коллегия мурунку Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Айта кетсек, 2013-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "кримавторитет" Камчы Көлбаевди "акча талап кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Кийин Көлбаевдин жактоочусу Сергей Манукян соттун чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот Көлбаевдин жаза мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскарткан. Буга да макул болбогон айыпталуучунун жактоочусу Жогорку Сотко кайрылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tima2014
2014-05-14 13:15:04
Бошотуш керекда мындай адамды байларды кичине кысып турбаса кутуруп кетип жатышбайбы .
0
toobaldaru
2014-05-14 19:59:20
алдамчы соттор дагы сатылыштыбы. аран эле уч жылбы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан