Американын Мамлекеттик департаментинин сайтында Камчы Көлбаев тууралуу маалымат үчүн 1 миллион доллар бериле тургандыгы жөнүндө маалымат жарыяланды. Аталган маалымат кечээ, 29-майда жарыяланган.
Маалыматта “Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобу Борбордук Азияда негизделген. Анын кылмыштуу тобу баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү, адамдарды сатуу, курал-жарак сатуу, опузалап акча талап кылуу жана башка бир катар кылмыштарга катыштыгы бар” деп айтылат.
Ошондой эле АКШнын Мамлекеттик департаментинин уюшкан кылмыштуулукка каршы эл аралык программасы Камчы Көлбаевдин кылмыштуу схемасы жөнүндөгү маалымат үчүн 1 миллион доллар сыйлык бере тургандыгы айтылып, Көлбаев тууралуу маалымат билген ар бир адам кайрылса болору жана анонимдүүлүк сакталары белгиленет.
Эске сала кетсек, 2013-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "кримавторитет" Камчы Көлбаевди "акча талап кылуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Кийин Көлбаевдин жактоочусу Сергей Манукян соттун чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Шаардык сот Көлбаевдин жаза мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскарткан. Буга да макул болбогон айыпталуучунун жактоочусу Жогорку Сотко кайрылган. Бирок Жогорку Сот "криминалдык авторитет" Камчы Көлбаевдин иши боюнча чыгарган Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырганы белгилүү.