Москва шаарында унааны катуу ылдамдыкта башкарып келе жаткан айдоочу 22 жаштагы кыргызстандык айымды сүзүп, ал окуя болгон жерде мүрт кетти. Бул тууралуу 21-июлда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Кечинде Горький атындагы сейил багы аркылуу самокатта үйүнө келе жаткан айым кырсыктан 20 мүнөт мурун жолдошуна телефон чалганы белгилүү болгон. Жөө жүрүүчүлөр өтүүчү өтмөккө келип, жол чырактын жашыл жарыгы күйгөндө жолду кесип өткөн. Ошол учурда ВАЗ-2110 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу аны сүзүп кеткен. Унаанын соккусу катуу болгондуктан, анын денеси он метрден ашуун аралыкка ыргытылган. Ал эми унаа жүз метрдей аралыктан кийин токтогон.
Маркумдун күйөөсү тосуп алуу үчүн чыгып, жолдо жаткан аялынын самокатын жана анын жансыз денесин көргөн. Жол кырсыгынын күбөлөрү сүзүп кеткен унаанын айдоочусу мас абалында болгонун билдиришкен.