Кечээ, 24-июлда 116 жүргүнчүсү менен абага учуп чыккан бойдон дайынсыз болгон Алжирдин “Air Algerie” компаниясынын учагы Малиде кыйроого учурап, жүргүнчүлөрдүн баары каза болду. Каза болгондордун 6 адамы экипаж мүчөлөрү. Учак менен байланыш Нигерия аймагында үзүлгөнүн компания чет элдик маалымат булактарына билдирген. Ал Буркина-Фасонун борборунан Алжирге карай жөнөгөн экен. Учактагылардын 51и Франциянын, 25и Буркина-Фасонун, калганы Орусиянын, Ливандын, Алжирдин жана Германиянын жарандары болгон.
Белгилүү болгондой, учак абага көтөрүлгөндө аба ырайынын катаалдыгына байланыштуу диспетчер алдыда келаткан башка учак менен кагышып кетпөөнү эскертип, курсту алмаштырууну буйруган. 50 мүнөттөн соң радарда көрүнбөй калып, дайынсыз жоголгон болчу.