Бүгүн, 25-июлдагы Апрель окуясы боюнча соттук отурумда Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун чечими менен президенттин кеңешчиси Эльмурза Сатыбалдиев, мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов 10 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынышты. Мындан сырткары президенттин мурунку аппарат жетекчиси Каныбек Жороев, президенттик катчылыктын мурунку башчысы Оксана Малеваная "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга соттолушту.
Э.Сатыбалдиев "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Ал эми мурунку коргоо министри Бактыбек Калыевге карата кылмыш иликтөө иштеринин токтотулушу тууралуу чечим чыгарылды.
Ошондой эле УКМКнын мурунку башчысы Мурат Суталинов "адам өлтүрүү жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратылды.