27-июль күнү Таластагы чек ара тозотунан качып кеткен 4 жоокер боюнча иликтөөлөрдүн алгачкы жыйынтыктары маалымдалды. Анда жоокерлердин АК-74 автоматын 50 огу менен кошо ала кетишкени айтылган. Ошондой эле алардын чек ара тозотун таштап качып кетишине 3 ай бою оор жумуштарды жасашканы себеп болгонун айтышкан.
Алдын ала иликтөөлөрдүн жыйынтыгына караганда, үстүбүздөгү жылдын 21-июлунан 23-июлуна чейин аталган чек ара тозотунун айланасын курчоо үчүн жалпы аскер кызматкерлери кыш коюшкан. “Бул мыйзамга каршы келбейт”,- дейт Чек ара кызматы. Андан сырткары аскерлердин чек ара тозотунун жанындагы дүкөнгө карыз экени да аныкталган. Ал жактан таттууларды, суусундуктарды карызга алышчу.
Бүгүнкү күнү качып кеткен жоокерлерге Аскер прокуратурасы тарабынан бир канча беренелер боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Эске сала кетсек, 26-июлдан 27-июлга караган түнү Таластагы чек ара отрядынан куралчан 4 жоокер качып кеткен. Издөө иштерине тийиштүү органдар тартылып, алар кармалган.