Тажик тарап Кыргызстанга нааразычылык нотасын жөнөтүп, жаңжал кайталанса жарандарын коргоорун айтты

Чек арадагы атышуу боюнча Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстанга нааразычылык нотасын жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта аталган мекеменин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, Тажикстандын ТИМи кечээ, 25-августта кыргыз-тажик чек арасында адамдардын курман болушуна алып келген кыргыз тараптын иш-аракеттерине нааразычылыгын билдирген. “Мындай иш-аракеттерди буга чейин бекитилген келишимдери бузуу жана маселелерди күч колдонуу менен чечүү деп эсептейбиз”,- деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары провокациялар өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн астында орун алып, эки тараптуу кызматташууга терс таасирин тийгизип жаткандыгы баса белгиленген.

“Эгер мындан кийин ушул сыяктуу окуялар катталса, тажик тарап өзүнүн жарандарын коргоодо бардык күчтөрдү жана каражаттарды колдонууга барат. Муну менен Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги КРнын Тышкы иштер министрлигине нотасын жөнөттү” деп маалымдалат.

Эске салсак, кечээ, 25-августта Лейлек районунун Кулунду айылынын Сай аймагында тажик чек арачылары такталбаган аймакка 800-900 метр ичкери кирип келишип, чек ара бекетин орнотууга аракет кылышкан. Бирок буга кыргыз чек арачылары жол беришкен эмес. Натыйжада 30 мүнөткө созулган эки тараптуу ок атышуу орун алган. Бул окуя боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын ТИМине нааразычылык нотасын жөнөткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан