Чек арадагы атышуу боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга нааразычылык нотасын жөнөттү

Чек арадагы атышуу боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга нааразычылык нотасын жөнөттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 26-августта билдирди.

Эске салсак, ок атышуу кечээ, 25-август күнү кечке жуук болгон. Анда Лейлек районунун Кулунду айылынын Сай аймагында тажик чек арачылары такталбаган аймакка 800-900 метр ичкери кирип келишип, чек ара бекетин орнотууга аракет кылышкан. Бирок буга кыргыз чек арачылары жол беришкен эмес. Натыйжада 30 мүнөткө созулган эки тараптуу ок атышуу орун алган. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кыргыз тараптан эч ким жабыркаган эмес. Ошондой эле тажик чек арачылары биринчи ок чыгарышып, төрт жолу миномёт менен атышкан.

Буга байланыштуу КРнын Тышкы иштер министрлиги тажик тарапка нота жиберүү менен эл аралык укуктардын максаттарын, нормаларын сактап, бирдиктүү иликтөө жүргүзүүнү сунуштады. Буга катар эле Тажикстан Республикасынын аскер кызматкерлеринин жогорудагы кадамдарын түшүндүрүп берүүгө жана күнөөлүүлөрдү жазалоого чакырып өттү.

         

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан