Милиция: "Токмокто өткөн митингге 100 эмес, 30 эле адам катышып, өз талаптарын айткан соң тарап кетишти"

Бүгүн, 15-сентябрда түшкө жакын Токмок шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү ишкананын алдында митинг өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, митингчилер “аталган ишкана экологияга зыян келтирет, ошондуктан өз ишин токтотсун” деген талабы менен чыгышты. “Мындан тышкары алар 19-сентябрда да пикетке чыгышарын билдиришти. Ал эми бүгүн өткөн митингдин жүрүшүндө эч кандай укук бузуулар катталган жок. Тартипти Токмок шаардык милиция кызматкерлери сактап турушту”,- деп билдирди Чүй ОИИББи.

Айта кетсек, бүгүн, 15-сентябрда айрым басылмалар митингчилерге шилтеме берүү менен "Токмоктогу мунай ишканасынын алдында өтүп жаткан нааразычылык акциясына 100-150гө жакын адам катышууда" деп жазышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан