Кубанычбек Кулматов: "Бишкекте мугалимдерге арнап эстелик тургузууну пландап жатабыз"

Бүгүн, 2-октябрда Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Мугалимдер күнүнө карата майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө шаардын мэри Кубанычбек Кулматов: "Борбор калаада мугалимдерге арналган эстеликти орнотууга ниеттенип жатабыз",- деп билдирди.
Анын билдиришинче, мындай сунушту шаар башчысына Кыргыз-Орус Славян университетинин студенттери айтышкан. "Мугалимдин эстелигин тургузуу - абдан жакшы ой. Учурда мэриянын тиешелүү түзүмдөрү менен бул тууралуу жана кайсы жерге орнотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Албетте, эстелик шаардын борборунда тургузулмакчы. Ал эми анын айланасында сейил бак болушун туура деп ойлойбуз",- деди мэр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aykyz
2014-10-02 16:41:59
Андан коро ошол эстеликке кеткен акчаны мугалимдердин айлыгына кошуп премия кылып берип койгула, ал эстелигинер да чан басып каралбай калары бышык
+1
Ibragim864
2014-10-02 17:38:34
Мугалимдер оздоруно эн машакаттуу эмгеги менен эстеликти, ар бир окуучусунун дилинде тургузуп алган.Эгерде ошончолук берешен болсонор алардын айлыгына кошуп,ар тараптан колдоо корсотуп, кадыр-баркын артыруу керек,ошондо мугалимдердин эмгегинин узурун коробуз.Коомубуз азыр маданияттуу, билимдуу,адептуу,ыймандуу муунга муктаж!Эстеликке эмес!!!
+3
mirbakg
2014-10-02 18:12:57
Эстелик тургуздук Силерге деп эми ар бир мугалимдин айлык акысынан кармап калгыла ! Ошол эстеликтен коро мугалимдин айлык акысын которууну ойлонгулачы Кайсы жерге эстелик курганды эмес !!
+3
aikol87
2014-10-02 18:28:50
Эстеликтен коро айлыгын которбойбу.
+3
D.U.P
2014-10-03 01:06:15
пландап койгону жакшы болуптур кийинки мэр келип бутурот
0
kuba.kq8705
2014-10-03 09:59:28
estelik turguzabyz dep da budjettegi akchany jep jutkula
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан