Футбол боюнча Кыргызстан курамасы машыктыруучу Александр Крестининдин жетекчилиги астында 30-ноябрда Таиландга машыгуу сборуна жөнөп кетти. Сбордо курама команда 13-декабрь жана 17-декабрь күндөрү Кытай менен болчу жолдоштук оюнга даярданат. Муну КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
“Бул машыгуу сборуна учурда жогорку деңгээлде ойноп жаткан футболчуларды чакырдык. Курамга үй-бүлөлүк абалдарына байланыштуу Максим Агапов жана Валерий Кичин кирген жок. Ал эми Каюмжан Шарипов менен Анатолий Власичев улуттук курамга чакырууга жооп беришкен жок”,- дейт башкы машыктыруучу.
Маалым болгондой, Таиландда футболчулар 2-декабрдан 10-декабга чейин күнүнө эки маалдан машыгуу өткөрүшөт. Андан соң Кытайдын Гуанчжоу шаарына учуп кетишет.