"Спортчу Руслан Абасовдун өлүмү боюнча оперативдүү топ иштеп жатат. Убагы келгенде аягына чыгат". Бул тууралуу кечээ, 24-декабрь күнү ички иштер министри Мелис Турганбаев Токмок шаарында эл менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анда маркум Руслан Абасовдун апасы Жумабүбү Кудайбергенова: “Балам 27-мартта каза тапкан. Андан бери 9 ай өттү. Анын өлүмү боюнча иштеп, тергеп жатабыз дейт, бирок эч натыйжа жок”,- деп министрге кайрылды.
Буга министр Турганбаев: “Иш менин көзөмөлүмдө. Балким, иш эртең-бүрсүгүнү ачылат. Биз аны айта албайбыз. Жумасына бир жолу мага келип, иштин кандай жүрүп жатканы боюнча маалымат берип турушат”,- деди.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 27-мартында спортчу жубайы экөө унаада Токмок шаарындагы 1-кичи райондон 3-кичи районду көздөй бара жатканда бурулуш жерден жардыруу болгон. Жардыруудан жаракат алган кикбоксчу Руслан Абасов ооруканага жетип каза болгон. Ал эми келинчегинин абалы канааттандырарлык деп белгиленген.